super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министри Алай районунда селден сактоочу дамбалардын курулушу менен таанышты

 

2014-жылдын 14-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош облусунда иш сапары менен болду. Министрдин жумуш сапары Ош облусундагы Коңур-Дөбө айыл округунун Упа-Жар, Кызыл-Ой айылдарындагы турак үйлөрдү жана айыл чарба багытындагы жерлерди коргоо үчүн курулган дамбаларды көрүүдөн башталды.

ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримовдун маалыматына караганда, курулуш эки этап менен бүткөрүлгөн. “Кызыл-Ой, Упа-Жар айылдарындагы 41 турак жайды, 20 гектар айдоо аянтын коргоо үчүн дамба куруу боюнча долбоордук изилдөө иштери жүргүзүлгөн. 2013-жылы 1-этапта узундугу 200 метр коргоочу дамба курулган. 2014-жылы да узундугу 200 метр коргоочу дамба куруу каралган. Жумуш ушул жылдын март айынын аягында башталган. Азыркы учурда курулуштун 2-этаптагы жумуштары толугу менен бүткөрүлдү”,- деди Каримов.

Ал эми Алай районунун Корул айыл округундагы Корул дарыясынын жээгиндеги Тогуз-Булак айылынын турак үйлөрүн коргоо үчүн курулуп жаткан дамбаны жеринен көргөн министр мүмкүн болушунча сапаттуу курууга тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. 

Министр Жошолу айылдык аймагынын Жал-Камыш айылындагы 230 кожолуктагы 662 жаранды жол каттамы менен камсыз кылуучу көпүрөнү, турак жайларды жана таза суу системин коргоо максатында 210 метр коргоочу дамбанын курулушу менен таанышты. 

Андан ары Баткен жана Жалал-Абад облусуна улана турган иш сапарын токтотуп, Ысык-Көл облусундагы жер титирөө болгон аймакка жөнөп кетти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: