super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы Тажикстандын премьер-министри менен жолугушууда чек араны делимитациялоону тездетүүнү айтты

 

Бүгүн, 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө расмий сапар менен келген Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү тармактардагы кыргыз-тажик кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө мындан ары аракеттенишүүнүн келечек максаттары  талкууланды.

Мамлекет башчысы канатташ чек аранын коопсуздугун биргелешип камсыз кылуу жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди тездетип аягына чыгаруу зарылчылыгын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев менен Кохир Расулзода эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, өлкөлөр ортосундагы экономикалык, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагында байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилешти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: