super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Япония эли өзүнүн эмгекчилдиги менен өнүгүүнүн жогорку чегине жетти"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэни кабыл алды. Жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасынын Японияга болчу расмий иш сапары, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында пикир алышуу болду. "Кыргызстан япон тарап менен кызматташууга жана тыгыз байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлөт. Япон эли өзүнүн эмгекчилдиги, күжүрмөндүгү менен өнүгүүнүн таң каларлык жыйынтыгына жетти",- деди спикер. 

Жогорку Кеңештин төрагасынын Японияга жасай турган расмий иш сапарына байланыштуу элчи бул иш сапар эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн маанилүү экендигин айтты. "Япония жетекчилиги Кыргызстандын учурдагы коомдук-саясий кырдаалы, өлкөдөгү парламенттик демократиянын өнүгүүсү туурасында сиздин расмий иш сапарыңыздын жүрүшүндө кенен маалымат аларына биз ишенебиз",- деди элчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: