Ысык-Көл. Сотто шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүүнүн теориялык жана практикалык өңүттөрү боюнча семинар өтүүдө
Бүгүн, 14-ноябрда Ысык-Көл облусунда судьялар үчүн «Кыргыз
Республикасынын сотторунда шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүүнүн теориялык жана практикалык өңүттөрү» деген аталышта семинар өттү.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку
Сотунун судьясы Айжамал Ажибраимова лекция окууда.
Анда шайлоо талаш-тартыштардын
түшүнүгү жана алардын жиктемеси, шайлоо
мыйзамындагы жаңылануулар жана шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу
демилгелери, укук коргоо органдары тарабынан арыздарды
жана даттанууларды кароо, шайлоо талаш-тартыштарын сотто кароо өзгөчөлүктөрү, сот ишин кароонун процесстик тартиби, шайлоо укуктарын бузуу үчүн жоопкерчилик маселелери каралууда. Семинардын ишине 12
судья катышып жатканын Жогорку Соттун басма сөз
кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.