super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары Бишкекте жолугушту

 
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, премьер-министрлер эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, чек ара коопсуздугун камсыз кылууда биргелешип аракет кылуу, мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация иштери боюнча иштеп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын ишин күчөтүү жана башка орчундуу делген маселелерди талкуулашты. 
Соода жана маданий алаканы бекемдөө маселеси да өкмөт башчылар сүйлөшүү жүргүзгөн негизги темалардан болгону айтылды. 
Айта кетсек, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада Бишкекке Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин чакыруусу менен келген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: