super.kg logo

Бишкекте оперкызматкерди атып өлтүргөн кылмышкер кармалды

 
Бишкекте 14-ноябрда оперкызматкерди атып өлтүргөн кылмышкер кармалды. Түрмөдөн качып чыгып, издөөдө жүргөн Александр Сояпин саат 20:00 чамасында кармалганын Бишкек ШИИББинен билдиришти. Аны коңшусунун үйүнүн жер төлөсүндө жашынып жаткан жеринен табышты. Коңшусу, 64 жаштагы пенсионер кылмышкер бирөөлөр жарадар кылып кеткенин, жашырынып туруу үчүн жардам сурап келгенин айтып берген. Айта кетсек, кылмышкер оперкызматкерди Биринчи Май районунун аймагында, Тоголок Молдо - Шорин көчөлөрүнүн кесилишинен саат 17:20 чамасында атып, окуя болгон жерден качып кеткен эле. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: