super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева социалдык тармакты тейлеген министрликтердин жетекчилери менен жолугушту

 
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 14-ноябрда социалдык тармакты тейлеген министрликтер менен мекемелердин жетекчилеринин пландары боюнча отчётун укту. Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушууда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды аныктоо системин реформалоо, мамлекеттен социалдык жардам алган жарандарга жөлөк пулдун туура жетишин камсыздоо, жакырчылыкты жоюу, пенсионерлерге кам көрүүнү күчөтүү маселеси талкууланганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевге ай сайын жана квартал сайын берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн отчёттуулугу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.
Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов менен маданият тармагына каражат тартуу, туризм тармагын өнүктүрүү жагы талкууланганы айтылды. Тармактык башка мекемелердин башчыларына да бир катар тапшырмалар берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: