super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков менен жолугушкан Тажикстандын өкмөт башчысы "чек ара көйгөйүн чечүү жолун табабыз" деди

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзаданы кабыл алды. Тажикстан менен болгон кызматташууну өнүктүрүү керектигин белгилеген төрага: "Кыргызстан Тажикстан менен эки тарапка пайдалуу болгудай нукта бардык багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар",- деп билдирди. Спикер чек ара маселеси боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу керектигин айтты. "Мурдатан калган маселелерди ынак коңшулук маанайда, эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен конструктивдүү нукта чечүү керек. Эки мамлекеттин элдеринин бир туугандык мамилесин сактоо жана бекемдөө – биздин негизги милдетибиз",- деди Жээнбеков. 

Расулзада өкмөттүк делегациялардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу төрагага маалымат берип, өкмөттөр аралык комиссиянын ишин оң баалады. "Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берген тараптар комиссия тең төрагалыгынын деңгээлин вице-премьер-министрдин деңгээлине чейин көтөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын аркасында чек ара маселелерин чечүүнүн жолун табабыз",- деди премьер.

Жолугушууда энергетика жана байланыш жаатындагы кызматташуу да талкууланды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: