super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министрлиги: "БУУнун тутуму боюнча Либерияда жүргөн офицер Эбола вирусунан эмес, кызматтык мөөнөтү бүткөнү үчүн кайтып келди"

 
Бириккен Улуттук Уюмунун Либериядагы миссиясы менен жүргөн Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин офицери Эбола вирусуна байланыштуу эмес, кызматтык мөөнөтү бүткөнү үчүн мекенине кайтып келди. Муну бүгүн, 15-ноябрда Тышкы иштер министрлиги билдирди. "Аталган өлкөдөн Эбола вирусу чыкканы үчүн Кыргызстан офицерин артка чакыртып алды" деген маалымат чындыкка жатпай турганы айтылды. "Офицердин миссиядагы кызматы бүткөнү үчүн август айында кайтып келди",- деп билдирет министрлик. 
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги БУУнун аталган түзүмү менен байланышты туруктуу түрдө колдой турганын билдирет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: