Бишкекте кылмышкердин огунан каза тапкан милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө өлкө башчы 200 миң сом бөлдү
Бишкекте кылмышкердин огунан каза тапкан милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө жардам катары Кыргызстандын президентинин фондунан 200 миң сом бөлүндү. Муну бүгүн, 15-ноябрда президенттик аппараттан билдиришти. Эскерте кетсек, 14-ноябрь күнү кечинде Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперкызматкери Бакай Сыдыгалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда ок тийип каза тапкан эле. Түрмөдөн качып чыгып, издөөдө жүргөн Александр Сояпинди кармоо учурунда кылмышкер ок чыгарып, оперкызматкерге эки ок тийгени маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

