super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Айыл чарба тармагы - кыргыз экономикасынын негизи"

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-ноябрда айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 
"Урматтуу айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм жана эмгекти сүйгөнүңүздөр, жумушуңуздарга берилгениңиздер, туулган жерге болгон сүйүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Жаратылыш быйыл да баарыбыздын бекемдигибизди сынады. Бирок айыл чарба кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнөн, туруктуулугунан, жоопкерчиликтүүлүгүнөн улам республикабызда түшүм жаман жыйналган жок. 
Калкыбыздын жарымынан көбү айыл жеринде жашашат, жер иштетүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү менен алектенишет. Учурда агрардык тармак - кыргыз экономикасынын негизи жана жүз миңдеген фермер, дыйкан, үй-бүлө мүчөлөрүн иш менен камсыз кылууда",- деп башталган куттуктоодо айыл чарба кызматкерлеринин кайраттуулугу, коомдогу орду тууралуу кенен сөз болот. 
Өкмөт башчы агрардык тармактын кызматкерлерине бекем ден соолук, тынчтык жана ынтымак каалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: