super.kg logo

Мамлекеттик тарых музейинин артындагы иши токтогон фонтандын орду таштандыга толуп калган

 

Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин алды болгон борбордук “Ала-Тоо” аянты учурда түрдүү муундун, түрдүү улуттун өкүлдөрүнүн жолугушчу жайы экени белгилүү. Ал жайда сүрөткө түшкөндөр, ошол тегеректе сейилдегендер, велосипед тээп көңүл ачкандар көп. Бул бир кезде тегереги толугу менен оргума суулар (фонтан) курчап, керемет кооздукка ээ болгон музейдин алдынан карагандагы көрүнүш. Ал эми аталган музейдин артындагы мурунку оргума орун алган жай учурда акыр-чикирге толуп жатат. Башкы музейдин артындагы бул көрүнүш көпчүлүктү ирээнжитери бышык. Суусу да, иши да токтоп, бир топ убакыттан мурунку кооздугун жоготкон бул жайдан азыр таштандыларды, дат баскан темирлерди гана көрүүгө болот. Башка аянттардагы оргумаларда да суу токтогон, бирок алардан тазалыктын сакталганын көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.11.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде таштандыны таштанды чакага салуу, шаарды сыйлоо деген тушунук аябай начар. Жеди ичти корунгон жерге ыргытмай бул болбойтта адам озун сыйлагысы келбесе Жашап жаткан. басып кечинде сейилдеп жургон шаарды сыйлаш керек!!! Анан Айта кетчу нерсе азыркы мер аябай начар иштеп жатат ушул убака чейин мындай начар мэр иштеген эмес ким кошулат. Ой борбор калаа учун бул ишти жасады дегенин эркекче уга элекмин жакында мэр болгонуна бир жыл болот.
18.11.2014. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят борборубузда ушундай болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: