super.kg logo

Жер титирөөдөн Ысык-Көл облусу боюнча 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада жабыр тарткан

 

Жер титирөөдөн жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада жабыр тарткан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 16-ноябрында жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясынын текшерүү иштеринин негизинде жер титирөөнүн кесепетинен жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 1232 турак үй жана 12 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада, 237 турак үй жана 3 социалдык объект II даражада, 44 турак үй жана 2 социалдык объект III даражада, 33 турак үй IV даражада жабыр тартканы аныкталган.

Айта кетсек, 14-ноябрь күнү эртең менен өлкөнүн түндүк аймагында жер титиреп, анын күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: