Акыркы сутка ичинде республика аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте соода күркөсү толугу менен күйүп кетти

Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка
ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт
өчүрүү бөлүмү тартылган.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Интернеттен алынды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 17-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарындагы Элебесов-Озёрная көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 24 чарчы метр соода күркөсү толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ошондой эле Сузак районуна караштуу Сузак айылындагы үйлөрдүн бириндеги короодон 20 түк чөп күйүп кеткен. Өрт үй ээсинин 4 жаштагы небересинин от менен болгон шоктугунан улам келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.