super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет өлкөнүн 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорун кароодон баш тартты

 
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети өлкөнүн 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорун кароодон баш тартты. Добуш берүүдө көпчүлүк депутаттар маселени кароого каршы чыгышты. Депутат Бахадыр Сулейманов Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин атайын каражатты пайдалануусу боюнча нааразычылык билдирип: "Тышкы иштер министрлиги бюджетти бекитип жатканда аз сумманы айтып, кийин анын көлөмүн көбөйтөт. Министрликтин бюджетинин долбоорун республикалык бюджеттен бөлөк карайлы",- деди. 
Айта кетсек, аталган комитет мурунку жыйындарында да бул маселени кароодон баш тартып келген. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев Каржы министрлигинин өкүлүнө кайрылып: "Өткөн жыйындарда кемчиликтерди айтканбыз. Өзүңөр иштебей жатасыңар да, депутаттар менен тыгыз иштешкиле",- деп билдирди. 
 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: