Кылмышкердин огунан каза тапкан милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө өкмөт 200 миң сом бөлдү
Бишкекте жакында кылмышкердин огунан каза тапкан милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин үй-бүлөсүнө жардам катары өкмөт 200 миң сом бөлдү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 17-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 14-ноябрь күнү кечинде Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперкызматкери Бакай Сыдыгалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда ок тийип каза тапкан эле. Түрмөдөн качып чыгып, издөөдө жүргөн Александр Сояпинди кармоо учурунда кылмышкер ок чыгарып, оперкызматкерге эки ок тийгени маалымдалган.
Кылмышкер кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

