super.kg logo

Бишкек шаары боюнча 62 миңден ашуун "акылдуу" эсептегич орнотулду

 

17-ноябрга карата Бишкек шаары боюнча 62 588 электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун маалыматтык-ченөөнүн автоматташтырылган системи кошулган электр эсептегичтери орнотулду. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1369 “акылдуу” эсептегич өнөр жай абоненттерине орнотулса, 61 219 турмуш-тиричилик абоненттерине орнотулган.

Азыркы күндө борбор калаабыздын Кыргызстан-1, Ынтымак, Кызыл-Аскер, Ала-Тоо, Тынчтык, Арча-Бешик, Ак-Өргөө, Көлмө, Алтын-Бешик, Көк-Жар, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач, Учкун, Бакай-Ата, Дордой, Келечек, Эне-Сай, Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Салам-Алик, Алтын-Ордо, Ак-Босого, Жеңиш, Касым конуштарында, Малдыбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө, Жумушчулар шаарчасы, Чыгыш жана Батыш автобекеттери, “Дастан” заводу, эски аэропорт тараптарда “акылдуу” эсептегич орнотулган.

Ошондой эле өндүрүш абоненттеринин катарында сауна, мейманкана, кафе, тигүү, эмерек жасоо жана темир-тезек иштетүү цехтери бар.

“Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаарынын жеке тармактарын чыңдоо жана электр бөлүштүрүү натыйжасын жогорулатуу инвестдолбоорлордун чегинде шаар боюнча 2015-жылга чейин 93 миң жеке жашоо секторуна, 14 636 өндүрүш абоненттерине “акылдуу” эсептегич орнотору айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: