super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев президент Алмазбек Атамбаевге банктык ячейкалар боюнча ишти текшерүүнү тапшыруусун суранып кайрылды

 

Экономика министри Темир Сариев президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандын компетенттүү органдарына банктык ячейкалар боюнча ишти текшерүүнү тапшыруусун суранып кайрылуу жасады. Министр кайрылуусунда: "Сизге кайрылуума акыркы кезде кайрадан кээ бир маалымат булактарында Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун мурунку президент Курманбек Бакиевге тиешелүү банктык ячейкалардагы акчаларды менчиктештирип алууну талкуулаган телефондук сүйлөшүүлөрүнүн үн жазмасы жөнүндөгү сөздөрдүн айтылышы себеп болууда",- деп билдирет.

Сариев бул боюнча Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасы текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында өзү тараптан ячейкалардагы акчаны менчиктештирип алуу же башка бир мыйзам бузуулар болбогондугу аныкталганын билдирет. 

"Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү катары, азыркы өкмөттүн экономика министри катары 2010-жылы мен тараптан кызмат абалдан кыянаттык менен пайдалангандык тууралуу имиш сөздөрдүн улантылышы мен үчүн өтө жагымсыз. Мен буга биротоло чекит коюу керек деп ойлойм. Ошондуктан сизге Кыргызстандын компетенттүү органдары банктык ячейкалар жөнүндөгү ишти текшерүүсүн жана баарына объективдүү баа беришин суранып кайрылам", - деп айтылат Сариевдин кайрылуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: