Ош. Кыргыз тилиндеги чыгармачылыкты өнүктүрүүгө арналган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр байге алышты









Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы үстүбүздөгү жылдын апрелинде кыргыз тилин өнүктүрүү максатында “Бөбөктай”, “Мыкты усулдук-2014” жана “Бешик ыры” сынактарын жарыялаган. Жарыяланган сынактын жобосуна ылайык, бүгүн, 17-ноябрда эң мыктылар аныкталып, мэриянын баалуу белектерин алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, анда “Мыкты усулдук-2014” сынагы боюнча С.Момуналиев, З.Каразакова, М.Кошуев, Г.Мамадыева жеңүүчү болуп табылышты. “Бөбөктай” сынагына көрсөтүлгөн “Туулган күн” аңгемелер жыйнагы үчүн З.Пасаңовага сыналгы, “Чокоюмду тапты” аңгемелер жыйнагы үчүн Азизилла уулу Иманбекке фотоаппарат, “Баалуу талдар”, “Биздин чымчыктар” аттуу аңгемелери үчүн Маматалы уулу Азаматка уюлдук телефон ыйгарылды. Ошондой эле “Жомок” жанры боюнча “Боорукер жөргөмүш” жомоктор жыйнагы үчүн Б.Байтикова, “Мамалактын жоругу” жомогунун автору Г.Байымбетова, “Каныкей кантип курсагын тойгузду?” жомогу үчүн Маматалы уулу Азамат сыйлык алды.


