super.kg logo

Бишкекте гуманитардык илимдерге арналган көргөзмө өтөт

 

Эртең, 18-ноябрда КРнын Улуттук илимдер академиясынын борбордук китепканасында “Эгемендүү мезгил жана руханий дүйнө” аталышындагы гуманитардык илимдерге арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда аталган академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эгемендүүлүктүн алгачкы мезгилинде гуманитардык илимде кыйынчылыктар болгон. Бирок алар ошого карабай илимдин багыттарын тегиз колго алышып, базар экономикасына карабай изилдөөлөрдү жүргүзүп келгендигин 1 миңден ашуун чыккан монографиялар, китептер күбөлөп турат” деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, көргөзмөгө коюлчу эмгектер ЖОЖдордо жана мектеп мугалимдери үчүн окуу куралдары катары колдонулууда. Көргөзмөнү Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү уюштуруп жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: