super.kg logo

Милиция экстремизмдин алдын алуу максатында студенттер менен жолугушууларды өткөрдү

 
Ички иштер министрлиги диний экстремизмдин алдын алуу, террорчулук жана радикалдык идеологияга жол бербөө максатында Бишкек жана Ош шаарларында студенттер менен жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө жаштарга "Аль-Каида", "Талибан кыймылы", "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами", "Түркстандын ислам партиясы" жана башка тыюу салынган диний кыймылдар боюнча лекциялар окулду. Студенттер аларды кызыктырган суроолорду берип, жоопторго ээ боло алышты. "Күндөн-күнгө коом диний күчтөр кандай коркунучтарды алып келгенинен кабардар болушууда. Экстремизм мамлекеттик бекемдүүлүккө, улуттар жана диндер аралык биримдикке чоң коркунуч жаратат",- деп билдиришти ИИМден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: