Азамат Батыров Экономика министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаментинин башчысы болуп дайындалды
Азамат Батыров Экономика министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаментинин башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-ноябрда кол койгон. Жаңы жетекчини жамаатка экономика министри Темир Сариев тааныштырып, анын алдында жоопкерчиликтүү жумуш турганын белгиледи.
Автор: Автандил Добулбеков
А.Батыров:
Туулган жылы - 1981-жыл, 6-февраль.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Билими - жогорку, 1998-2000-жылдары Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетин, 2000-2003-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
Үй-бүлөлүү.
2014-жылдын май айынан бери экономика министринин жардамчысы болуп иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















