super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик салык кызматында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

 
Мамлекеттик салык кызматында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тийиштүү буйрукка аталган кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы 18-ноябрда билдирди. Өзгөрүүлөр төмөнкүдөй: 

Мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жайнаков ишине себепсиз чыкпаганы үчүн кызматынан бошотулду.

Мамлекеттик салык кызматынын Чүй району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сарылбек Курмашов октябрь айында салык топтоо планын аткарбаганы үчүн кызматтан алынды.

Мамлекеттик салык кызматынын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын (Чүй жана Талас облустары) жетекчиси Замирбек Мамбеткулов 2014-жылдын 10 айында салык топтоо планын толук аткарбаганы үчүн кызматынан төмөндөтүлүп, Мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Мамлекеттик салык кызматынын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Камалидин Халилов ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, ошол эле башкармалыктын бөлүм башчысы болуп дайындалды. Бошогон кызмат ордуна Мамлекеттик салык кызматынын Сокулук району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген Бакытбек Молдокасымов бекитилди.

Мындан сырткары сынактык тандоолордон кийин Сагынбек Жээнбеков Мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, Фатима Казакова борбордук аппараттын бөлүм башчысы, Абдымиталип Жакыпов Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: