super.kg logo

Бишкекте Борбор Азиядагы жайыттарды башкаруу реформасы талкууланууда

 

Борбор Азиядагы жайыттарды башкаруу реформасын 80ден ашык эл аралык жана аймактык эксперттер Бишкекте талкуулап жатат. Иш-чара Айыл чарба министрлигинин Жайыт департаментинин демилгеси менен уюштурулуп, эл аралык өнөктөштөрдүн каржылык колдоосу менен өтүүдө. Бул тууралуу 18-ноябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Талкууга катышып жаткан экс-президент Роза Отунбаева жайыттарды менчикке берүүгө каршылыгын айтты. “Эгер менчикке берсек, мыкты жайыттардын баары жеке колго өтүп, элдин мал жайуусуна тоскоолдук жаралат, эң негизгиси, экология унутта калат. Экинчиден, жайыттарды башкарууну жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүгө да каршымын. Анткени жергиликтүү башкаруу азырынча жаш жана жек-жааттык салтыбыз күчтүү”,- деди ал. 

Ал эми "Мал чарбасын өнүктүрүү жана рынок" долбоорунун жетекчиси Фритц Жепсен: “Жайыт реформасынын алкагында мал чарба азыктарын көбөйтүүгө болот. Бул тармак атаандаштыкка жөндөмдүү, тек гана аны жөнгө салып алуу кажет. Биздин уюм тарабынан бүтүндөй Жер шарындагы жайыттардын абалын оңдоого ири акчалар бөлүнүп турат. Ошол эле учурда биз бөлгөн каражаттардын кандай колдонулуп жатканына байкоо салабыз. Кыргызстандын Жайыт департаменти бул жагынан мактоого татыктуу иштерди аткара алды. Демек, Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин Кыргызстандан тажрыйба топтоп жатышы түшүнүктүү”,-  деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: