Калыс-Ордо конушуна тез жана арзан бүтүүчү мектеп курулганы жатат
Бишкектеги Калыс-Ордо конушуна заманбап технологияны колдонуу менен жаңы мектеп куруу чечимин кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мектептин курулушуна эл аралык стандартка жооп берген жаңы үлгүдөгү курулуш жабдуулары жана инженердик камсыздоо системи колдонулат. Бул боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева буларды айтты:
"Биз социалдык мекемелерди куруунун узактыгын жана кымбаттыгын көптөн бери айтып келебиз. Ата мекендик курулуш тармагынын стандарттарын эл аралык нормаларга ылайык келтирүүнү иштеп чыгууга көп убакыт кетчү. Өкмөттүн жарлыгы эксперимент катары жаңы технологияларды жайылтуу зарылдыгынан улам келип чыкты, анткени Курулуш жана архитектура агенттиги дагы деле жаңы улуттук курулуштун нормаларын жана эрежелерин иштеп чыга элек. Бул эксперимент социалдык мекемелерди тез жана арзан куруу жагынан ийгиликтүү болот деп үмүттөнөм".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

