super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар айрым мектептердин электр энергиясына болгон карызынын туумдарын алып салууну сунуштоодо

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 18-ноябрдагы жыйынында депутаттар электр энергиясы боюнча карызы бар мектептерди туумдардан ажыратууну сунуш кылышты. Депутат Карамат Орозованын айтымында, өз убагында акчасы төлөнбөй калып, туумдарынын өсүп кетиши мектептерге чыгаша алып келүүдө. “Баткендеги мектептер электр энергиясына болгон төлөмдөрү өз убагында төлөнбөй, туумдары 5 миллион сомго чейин чыгып кетиптир. Мугалимдер мага бир нече жолу кат жазып, Каржы министрлигине кайрылып, туумдарды төлөтүп берүүнү суранышты. Мен министрликке кайрылсам, жергиликтүү бюджетке кайрылуу керектигин айтышты. Ал жактан сурасам, министрликке түрттү. Ушул маселени чечип берип койбосок, мектептердин абалы дагы оорлоп кеткени турат. Ошон үчүн Энергетика министрлигинен туумдарды кошпой эле коюуну суранат элем”,- деди депутат. 

Бул маселе комитетте кийинки аптада каралары белгилүү болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: