Талас. Облуста 2012-жылы сарык илдети менен ооруган 886 адам катталган
Бүгүн, 31-январда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүндө сарык илдетине каршы күрөшүү боюнча облустун саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Аттокур Шадиев билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы Талас облусунда сарык илдети менен ооруган 886 адам катталган. Балдардын сарык оорусуна кабылышынын алдын алуу максатында облустук өкүлчүлүктүн жетекчилигинин түздөн-түз кийлигишүүсү менен медициалык жана билим берүү мекемелеринин директорлор кеңеши аталган ооруга каршы тийиштүү иш-чараларды иштеп чыгып, анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















