super.kg logo

Аркарларды жана тоо текелерди аттырбоого үгүттөгөн активистти “ажыдаардын куйругун тебелеп жатасың” деп коркутушуптур

 

Саны аз болгон аркарларды жана тоо текелерди аттырбоого үгүттөгөн активист Бакыт Турдумамбетовду “ажыдаардын куйругун тебелеп жатасың” деп өкмөт аппаратынан коркутушуптур. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда маалымат жыйынында ал өзү билдирди.

“2000-жылдан бери мен аркарларды жана тоо текелерди сактоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келем. 2003-жылы аңчылык туризм тармагындагы коррупция боюнча макаламды жарыялагам. Андан соң өкмөт аппаратынан мени чакырышып, “бул ишиңди токтот, сен ажыдаардын куйругун тебелеп жатасың” дешкен. Мындан улам эл аралык деңгээлге өтүү керек экендигин туура көрдүм. Ошентип, норвегиялык пикирлештериме туш келдим”,- деди ал.

Анын айтымында, быйыл жазында ал норвегиялык уюм менен Нарын облусунун Ат-Башы районунда сурамжылоо жүргүзгөн. “Биздин максатыбыз аркарлардын жана тоо текелердин жергиликтүү тургундарга болгон социалдык-экономикалык, экологиялык жана маданий таасирин аныктоо болгон. Анын негизинде жыйынтыктоочу макала жазылып, эл аралык басылмаларга жарыяланмакчы”,- деди Турдумамбетов. 

Мындан тышкары активист Кыргызстанда аркарларды жана тоо текелерди аттырууга уруксат берген жыл сайын дээрлик 100 лицензия берилерин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
18.11.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аркар,кулжа ж.б жандыктар биздин жаратылыш байлыгыбыз. Туура. Коргоо керек. Мен кошулам.
18.11.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ажыдаары кии болду экее. Куйругун баспай эле боло чабыш керек.
18.11.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
knk, 2003 жылы дейтко ал ажыдаар азыр бар болду бекен эмнеге 2003 жылдагыны эми айтыптыр))
18.11.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
fanfan-sansan, провокация жаратуудан алыс болуңуз! Эскертүү!
18.11.2014. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол ажыдаар ким болду экен элге ачык айта албайт бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: