Бишкекте санитардык эрежени бузган ишкананын башчысынын атына протокол түзүлдү



Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын санитардык абалы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анда Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан “Нур” ишканасынын кызматкерлери тарабынан санитардык абал көзөмөлгө алынбай, кездемелердин калдыктары өрттөлүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери аталган ишкананын кожоюнунун атына Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 489-беренеси боюнча протокол түзүп, тиешелүү комиссиянын кароосуна жиберишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.