super.kg logo

Бишкекте 17 жаштагы тургун уурулукка шектелип кармалды

 

Бишкек шаарында “велосипед уурдаган” деп шектелген 17 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 34 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал 14-ноябрь күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн жер төлөсүнүн кулпусун талкалап, баасы 250 долларлык Гест үлгүсүндөгү велосипедди уурдап кетишкенин айткан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы О.Азамат аттуу тургун кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: