super.kg logo

Ош облустук казыяты: Түркбай Полотов кызматынан пайдаланып, кетирген одоно катачылыктары үчүн жумушунан алынган

 

Алдамчылыкка шектелген Түркбай Полотов былтыркы ажылык иштери боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Ош облусунун мусулмандарынын казыяты билдирди. 

Маалыматка караганда, Түркбай Полотов Ош облусунун мусулмандарынын мурдагы казысы С.Гапуров тарабынан 2013-жылдын 22-январында №47-буйруктун негизинде жумушка алынып, ошол эле казынын учурунда кызматынан пайдаланып, кетирген одоно катачылыктары үчүн 2013-жылдын 14-ноябрында №92-буйругу менен жумуштан бошотулган. Ал 2013-жылкы ажылык иштери боюнча айыпталууда.  

Айта кетсек, күч органдарына Баткен районунун 42 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал өзүн “ажы башымын” деп тааныштырган Түркбай аттуу адам ажыга жөнөтүү үчүн 2400 доллар алып, убадасына турбаганын айткан. Ушундай эле арыз менен Баткен районунун дагы 3 жараны кайрылган. Алардан жалпы 8800 доллар алган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 56 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну, Ош облусунун мурдагы казыятынын кеңешчиси Түркбай Полотов аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин 3 жолу ажыга барып келген. Ошондой эле анын Ош облусунда 7 адамды алдаганы аныкталган. Кылмышка шектүү ажыга кете турчу рейсти билип, алданган жарандарды бир күн өткөн соң аэропортко чакырган. Кийин “биз рейстен кечигип калыптырбыз” деп кутулган. Эгер ким бул жарандан жабыркаса, милиция кызматкерлерине кайрылса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.11.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогон афиристердин айынын жакшы жургон молдекелерге соз тийип жатат. Муну омур бою турмодо отургузуш керек болбосо бул алдамчылыгы менен далайн сыздатат.
19.11.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына уч жолу ажыга барып, казынын кенешчиси болгон адамдын кылган кылыгы... Муфтиятта ири акчалар айланып ошонун айынан касташуу, место талашуу орун алганы айтылып келет... Ойлоносун, казы-имамдар эл козуно такыба корунгону менен акчанын кулубу деп... Анан элдин динге болгон ишеничи азаят да....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: