super.kg logo

MegaCom телекоммуникациялар жөнүндөгү алгачкы мультфильмдин бет ачарын тартуулады

 

2014-жылдын 18-ноябрында MegaCom расмий түрдө телекоммуникациялар, жаңы технологиялар, интернет жана мобилдик байланыш тууралуу «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» деген аталыштагы анимациялык фильмдин бет ачарын өткөрдү. Мультфильм 3D техникасын колдонуу менен Улуттук мобилдик оператордун тапшырыгы боюнча ата мекендик аниматорлор тарабынан тартылган.

Кыргызстанда тартылган таанып билүү мүнөзүндөгү, үч өлчөмдүү алгачкы мультсериал MegaCom компаниясынын «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоорунун алкагында жаралып жана өсүп келе жаткан муундун мобилдик сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Мультфильм кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Мультфильм чыгармачыл топтун талыкпаган эмгегинин жемиши десек болчудай. Фильмди аниматорлордун, сүрөтчүлөрдүн, сценаристтердин, психологдордун жана композиторлордун, үн коштоочулардын кесипкөй тобу жаратышкан. Мындан тышкары анимациялык фильмди тартууга 5 жаштан 12 жашка чейинки курактагы балдар-кыздар катышып, алар каармандарды, алардын ысымдарын жана кийимдерин тандоого көмөк көрсөтүшкөн.

Уюлдук байланыш дүйнөсү, мобилдик этикет, коопсуз интернет жөнүндө маалыматты бөбөктөрдүн тили менен бере алган мультфильмдин премьерасы MegaCom компаниясы тарабынан Кызыл-Кыя, Ош шаарларынын жана Базар-Коргон районунун Биринчи Май айылынын мектептеринин башталгыч класстарынын окуучуларына көрсөтүлдү.

"Бул мектептер кокусунан тандалып алынган жок",- дейт MegaCom компаниясынын Жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова. "Бул мектептердин ар бири компаниянын «Megaбилим» долбоорунун алкагында компьютердик класстар менен жабдылган. Анимациялык фильм бул демилгенин логикалык уландысы десек болот жана «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоорунун алкагында даярдалган. Мультфильмде уюлдук байланыш, интернет, мобилдик шылуундук жана андан сактануунун жолдору жөнөкөй жана жеткиликтүү формада баяндалат. Мультфильмдин каармандарынын башынан өткөргөн кызыктуу окуялары аркылуу биз көп нерсени биле алабыз",- деди ал.

Бул мультфильм бишкектиктерге жана шаарыбыздын меймандарына MegaCom компаниясынын башкы өнөктөштүгү менен уюштурулган алгачкы Илим жана технологиялар фестивалында көрсөтүлдү. Ошондой эле мультфильмди SUPER.KG порталынан, республикабыздагы аймактык телеканалдардан, социалдык тармактардан, мындан тышкары компаниянын расмий сайтындагы "Видеогалереядан" да көрүүгө болот.






Акылбек менен Билимбек: Уюлдук байланыш кантип пайда болгон?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
19.11.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы буйруса мегаком алга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: