Бишкекте 54 жаштагы тургунду ур-токмокко алган жаран кармалды
Бишкек шаарында бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 54 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 17-ноябрь күнү Пушкин жана Зелёная көчөлөрүнүн кесилишинен кечки саат 19:40 чамасында 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз жаран аны себепсиз сабап кеткенин айткан.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары шаардын 34 жаштагы С.Руслан аттуу жараны кармалды. Ага карата 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ariet7

19.11.2014. 03:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ий олгур десе атасындай кишиге кол которуп уятсыз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.