super.kg logo
  Саясат  

Төрага Япония парламентинин Кеңешчилер жыйынынын президенти Масааки Ямадзаки менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-ноябрда Япония парламентинин Кеңешчилер жыйынынын президенти Масааки Ямадзаки менен жолугушту. Жээнбеков Япония өкмөтүнүн насыялык карыз берүүлөрдү жаңыртуу чечимин кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Төрага "Манас" Эл аралык аэропортун техникалык жактан жабдуу, Ош-Баткен-Исфана автожолунун айрым тилкелерин калыбына келтирүү жана Ош-Бишкек жолуна коргоо курулмаларын орнотуу долбоорлорун каржылоонун чечилишин тездетүүгө токтолду. Япониянын жетекчилиги эл аралык деңгээлде демократияны алга жылдыруу аракеттерин жасап жатканын белгилеген спикер: "Япония арымдуу маселелерди чечүү долбоорлоруна, БУУ жана башка эл аралык уюмдардын ар кыл программаларын ишке ашырууга, ошондой эле Ооганстандагы абалды турукташтыруу жана Африка континентин өнүктүрүү жүрүмдөрүнө жыл сайын ири көлөмдөгү каржы каражаттарын салат. Бул Япония элинин жалпы адамзатты өнүктүрүү жаатындагы зор салымы болуп саналат",- деди. 

Ямадзаки япон тараптын 2015-жылы өтө турган Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго катышуусунун маанисин баса белгилеп, Кыргызстанга 2015-жылы иш сапар менен баруу ниетин билдирди. "Сиздердин Япония тарабынан берилген жардамдарды жогору баалап жатканыңыздар үчүн кубанычтабыз. Өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилелердин жандана турганына жана сиздин иш сапарыңыз аны бекемдөөгө түрткү берерине ишенем",- дейт ал.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: