Кыргызстандын 2013-жылкы бюджетинин аткарылышы тууралуу мыйзам долбоорун тармактык комитет жактырды
Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 18-ноябрда Кыргызстандын 2013-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу мыйзам долбоорун карап, жактырды. Талкууда депутаттар Ички иштер министрлиги менен Акыйкатчы институтунун бюджети көбөйтүлүп калганын белгилешти. Чыныбай Турсунбеков өздөрүнүн чыгымдарын көбөйтүп алышкан министрлик, мекеме жетекчилерине чара көрүү маселесин көтөрүп, каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев андай органдардын 2015-жылкы бюджетине тийиштүү түзөтүүлөр киргизиле турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

