super.kg logo
  Спорт  

Олимпиадага даярдоо борборунун карызы 21 миллион сомго жеткенин айтып келген директор Назирдин Акылбеков кызматынан бошотулду

 

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

"Биз май айында Акылбековдун ишинде кемчиликтер болуп жатканын байкаганбыз. Бул кемчиликтерди жой деген тапшырма берип, 1 айдан кийин текшерилерин айтканбыз. Биз 4 айдан кийин текшердик, эч нерсе өзгөргөн эмес экен. Алгач сөгүш бердик, андан кийин айла жок аны кызматтан четтетүү чечимин кабыл алдык",- деди ал. 

Кошумчалай кетсек, бул маселенин келип чыгуусуна Н.Акылбеков жетектеген Олимпиадага даярдоо борборунун олчойгон карызга батканы себеп катары айтылып келген. SUPER.KG порталына курган маегинде Кадырбек Эргешов мамлекетке чыгым келтиргени үчүн ал же акчаны кайтарарын, же камаларын айткан.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: