Спорт агенттигинин директору: "Азия оюндарына жаракат алган спортчу барганын мен мелдеш болчу күнү билдим"
"Түштүк Кореяда өткөн Азия оюндарына спортчу алган жаракатына карабай катышуу үчүн учуп барыптыр. Мени Олимпиадага даярдоо борбору же башкы машыктыруучу бул тууралуу кабардар кылышы керек болчу. Мен спортчу жаракат алганына карабай барганын мелдеш күнү билдим. Бул боюнча машыктыруучуга жана тиешелүү кишилерге карата жаза колдонулушу керек". Мындай маалыматты бүгүн, 19-ноябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
"Аны спортчу деле айтып койсо болот эле. Бирок жаштык кылып, чет жерди көрүп келүүнү кааласа керек. Негизи, аны башка спортчу менен алмаштыра алмак эмеспиз, убакыт аз эле. Ошентсе да эч болбосо бюджеттен кичине каражат үнөмдөп калмакпыз",- деп кошумчалады ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
talant87

19.11.2014. 12:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик корсотсо болду жок дегенде медал Алса болду
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.