Жаратылышты булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү чогултуу укугун өкмөткө берүү сунушталууда
Жогорку Кеңеште бүгүн, 19-ноябрда “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору боюнча өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана
токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажановдун айтымында,
мыйзам долбоору каржылык баалык, тарифтик, инвестициялык жана салыктык саясат
жүргүзүү укугун өкмөткө берүү максатында иштелип чыккан. Ошондуктан жаратылыш ресурстарын
пайдаланганы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана башка жаратылышка болгон терс
аракеттери үчүн төлөмдөрдүн ставкалары жана ченемдери, аларды алуунун жана
пайдалануунун тартибин өкмөт бекитүүсү сунушталууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

