"Дүйнө сулуусу-2014" сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган Айкөл Аликжанова президенттен кечирим сурады




Лондондо өтүүчү "Дүйнө сулуусу-2014" сынагына Кыргызстандын атынан Айкөл Аликжанова катышат. Бүгүн, 19-ноябрдагы маалымат жыйынында: "Учурда сынакка керек болгон 16 миң долларды чогулттук. Мында менин туугандарым жана өлкөдөгү ишканалардын бири демөөрчүлүк кылды. Сынакка бүгүн түнү учканы жатам. Элимдин мага болгон ишеничин актаганга аракет кылам",- деди ал.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
Буга чейинки маалымат жыйынында Айкөл Аликжанова сулуулар сынагына катышуу үчүн каражат жок экенин айтып элге жана өлкө башчысына кайрылган эле.
"Акча маселесин чече албай президентке кайрылгам. Анда мен белгилүү бир нормаларды сактабастан кайрылганым үчүн кечирим сурайм. Мага карата айтылган сындарды туура эле кабыл алам. Себеби алар жаман пикирлерди жазуу үчүн да убакыт коротушууда. Мен өзүмө ишенем. Анткени буга чейин бир катар сулуулар сынагына катышып келгем",- деди Айкөл Аликжанова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(34)
nabi89

19.11.2014. 12:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сага
1 | 2 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.