super.kg logo
  Саясат  

Малдын асылдуулугун артырууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Жогорку Кеңештин 19-ноябрдагы жыйынында “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечи депутат Талантбек Узакбаевдин айтымында, мыйзам долбоорунда калктын жана малдын саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, малдын асылдуулугун жана азыктуулугун жогорулатуу, мамлекеттик ветеринария кызматынын так аныкталган башкаруу байланышын түзүү максаттары белгиленген.

Талкууда Узакбаев мыйзам долбоору коррупцияга каршы күрөшүүнү шарттаарын, менчик ветеринарияны өнүктүрүүгө жол ачарын айтты. “Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен менчик ветеринарияны бийик деңгээлге алып чыгуу максаты турат”,- деди ал.

Талкууда "Ветеринардык палата түзүлсө, ветеринария жаатында кош бийлик түзүлүп калбайбы?" деген маселе талаш жаратты. Бул боюнча айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев сунушталып жаткан мыйзам долбоору көп талкуудан өткөнүн айтып, аны колдоорун билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: