super.kg logo

Кыргызстан жылына 80-100 миң тонна төө буурчак экспорттой алат

 

Кыргызстан жылына 80-100 миң тонна төө буурчак экспортко чыгара алат. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдиргенин аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, министр Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин соода иштери боюнча кеңешчиси Чагатай Өзден менен жолукту. Анда төө буурчакты экспорттоо боюнча сүйлөшүү орун алды. Министр өз кезегинде маектешин учурдагы абал жана баалар менен тааныштырды. Учурда төө буурчактын килограммынын орточо баасы 65 сомду түзүүдө. Өткөн жылы 1 килограмм төө буурчакка болгон баа 128 сомго чейин жеткен. Ал эми Ч.Өзден Түркия жыл сайын Канада, Орусия, Кытай мамлекеттеринен төө буурчак экспорттоп келгенин, көлөмү боюнча бул жаатта Кыргызстан 5-орунда турарын айтты. “Түркия жалпысынан төө буурчак импорттоого 261 миллион доллар сарптайт. Кыргызстандан алынган төө буурчакка 12-13 миллион доллар коротулат”,- деп кошумчалады ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: