super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу Кыргызстанда чыныгы атаандаштык мүнөздөгү парламенттик шайлоо 2010-жылы болгонун айтты

 
Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жакында Минск шаарында өткөн "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги аймагындагы шайлоо процесстери" аттуу эл аралык конференцияга катышты. Парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 19-ноябрда билдиргендей, жыйында депутат Кыргызстандагы шайлоо системи тууралуу баяндама жасады жана 2000-2011-жылдар аралыгында Кыргызстанда өткөн парламенттик, президенттик шайлоолор боюнча маалымат берди. "Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында чыныгы атаандаштык мүнөздөгү парламенттик шайлоо 2010-жылы болду. Муну менен өлкөдө саясий атаандаштык күчөдү",- деп билдирди Бакир уулу.     
Депутат таза шайлоо туруктуулук менен коопсуздуктун негизи экенин белгилеп, буларды кошумчалаган: 
"Ачык жана таза шайлоо адилеттүү бийликти түзүүгө жол ачат. Куранда айтылат: "Ар бир элдин пейилине жараша башчы берем" деп". 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: