super.kg logo

Бишкекте Медициналык колледждин 85 жылдыгы белгиленди

 

Бишкекте Медициналык колледждин 85 жылдыгы белгиленип, иш-чаранын ачылышына Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышты. Бул тууралуу 18-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Биринчи Май районунун башчысы саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрларды даярдоодо колледждин ролу зор экенин баса белгиледи. “Калк сиздерден оорулардан айыгууну гана эмес, көңүл, жакшы мамилени жана чыдамкайлуулукту да талап кылат. Эң маанилүүсү, сиздер ар бириңиздер жоопкерчиликтүү болуп, ак кызмат кылышыңыздар керек. Сиздердин кесибиңиздерге, кылган эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирем жана жалпыңыздарга бекем ден соолук, бактылуулук жана бакубат жашоо каалайм!”- деди ал.

Ошондой эле аталган колледжге көп жылдан бери эмгектенген үлгүлүү жана ак ниеттүү кызматкерлер Биринчи Май райондук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: