Беловодск айылынын тургунунан экстремисттик материалдар алынды
Беловодск айылынын тургунунан экстремисттик материалдар алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган жергиликтүү тургундун үйү күч органдары тарабынан текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү дисктер, баракчалар, китептер табылган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.