super.kg logo

Жалал-Абад шаарында жылуулук берүүнүн абалы текшерилди

 

"Жалал-Абад жылуулук камсыздоо" бирикмеси 10-ноябрдан баштап шаардагы мекеме-ишканаларга жылуулук бере баштады. Жалал-Абад шаарындагы №5-мектептин директору Гүлнара Мамытова, “Теремок” №8-балдар бакчасынын башчысынын орун басары Валентина Авелкина жылуулук талапка ылайык берилип жатканын белгилеп өтүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жылуулук берүү бирикмесинин башчысы Тыныбек Козубаев: "Биз кышка даярбыз, 6 миллион сом коротуп газдан көмүр менен мазутка өттүк. Азыр көмүрдү да, мазутту да керектүү өлчөмдө даярдап койгонбуз. Орусиядан 3 миллион 720 миң сомго төрт от казан алдырдык, алар көмүр менен ысыйт. Мазут менен иштеген от казандарга да отунубуз даяр",- деди.

"Ошондой эле №6, 10, 14, 17-көмүр менен иштеген от казандар, көмүрдүн калориясы начар болгондуктан, белгилүү өлчөмдөгү жылуулукту бере албай жатканы маалым болду. Ал эми мазут менен иштеген от казандарда ошол от казандардын өзүндө жылуулук 35 градус болуп жатат. Мындай көрүнүштө көп кабаттуу үйлөргө жана мекемелерге белгиленген өлчөмдөгү жылуулукту жеткирүү кыйын. Токтогул көчөсүндө жайгашкан №8-көп кабаттуу үйдүн тургуну жылуулуктун берилиши начар болуп жатканын билдирди",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: