super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: Быйыл 10 айда республикалык бюджетке 73 миллиард сом киреше түштү

 

Кыргызстанда 2014-жылдын январь-октябрь айларында ресурстардын түшүүсү 85 миллиард 447 миллион 600 миң сомду түздү же план 116,6 пайызга аткарылды. Муну бүгүн, 19-ноябрда Каржы министрлиги билдирди. Түшкөн ресурстардын курамынын басымдуу бөлүгүн түзгөндөр төмөнкүлөр:

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан түшүүлөр – 38,3 пайыз;

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан түшүүлөр – 25,4 пайыз;

Мамлекеттик казыналык векселдерден түшкөн кирешелер – 7,8 пайыз;

Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшүүлөр – 2,6 пайыз.

"Быйылкы жылдын 10 айында республикалык бюджетке түшкөн кирешелер 73 миллиард 488 миллион 900 миң сомду түздү же план 109,7 пайызга аткарылды",- деп билдирет министрлик. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: