super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 
20-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Токтаналиев Алиаскар көчөсүндөгү №28-көп кабаттуу үйдө жана Дордой, Калыс-Ордо конуштарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ошондой эле Будённый, Жибек Жолу, Ахматбек Сүйүнбаев, Токтогул, Ахунбаев, Ясенский тар көчөсү, Матросов, Сумский тар көчөсү, Бектенов, Скрябин, Жамгырчиев, Брестский, Владимирский, 9-январь, Троицкая, Патрис Лумумба, Ильменская, Садыгалиев көчөлөрүндө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин (Чыгыш, Алматы, Виноградная, Линейная көчөлөрү, ПМК-3), Кайырма, Бирлик (Токтогул, Новая көчөсү), Васильевка (Комсомольский, Фрунзе көчөлөрү), Маевка (Октябрь, Набережная, Ала-Арча, Арык, Тепличная, Восточная, Жаш Гвардия, Строительная, Больничная, Школьная көчөлөрүндө), Пригородное (Горький, Маяковский, 1-Май, Береговая, Садовая, Сибирская, Жаш Гвардия, 8-Март), Көк-Жар (Маликов, Чоң-Багыш, Эгенов, Үмөтов көчөлөрү), Кара-Жыгач, Бек-Тоо, Байтик, Кашка-Суу айылдарында, Лесхоз кыштагында жана мамлекеттик резиденцияда жарык өчөт.

Мындан сырткары Сокулук районуна караштуу Раздольное (Западная, Тупик, Новая, Дорожная көч.), Комсомольское айылдарында, Жайыл районуна караштуу Кара-Балта (Октябрь көч., Бакай кварталы) шаарында электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.11.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ильменскаяда кундо эле очо береби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: