Быйыл 9 айда жарандардан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 99 кайрылуу түштү
Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жана аймактагы бөлүмдөрүнө 2014-жылдын 9 айында 99 кайрылуу түштү. Аталган мекеменин маалыматына таянсак, 2013-жылы бул сан 188ди түзгөн. Кайрылуулардын 47си негиздүү деп табылды. Даттануулардын түзүмү төмөнкүдөй:
Этиканы бузуу боюнча – 12 кайрылуу;
Акча каражатын туура эмес алуу боюнча – 12 кайрылуу;
Талаптагыдай эмес сапаттагы медициналык кызмат көрсөтүү боюнча – 17 кайрылуу;
Дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча - 1 кайрылуу;
Медициналык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу боюнча – 2 кайрылуу;
Башка даттануулар – үчөө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

