super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Мамлекеттик башкаруу тармагын реформалоо боюнча активдүү иштеп жатабыз"

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 19-ноябрда Жан-Мишел Хаппи башында турган Дүйнөлүк банктын миссиясы менен жолугушуп, 2017-жылга чейин мамлекеттик башкаруу тармагын реформалоо боюнча өкмөттүн негизги багыттарын бекиткен жол картасынын ишке ашырылышын талкуулады. "Мамлекеттик башкаруу тармагын реформалоо боюнча жол картасынын үстүнөн активдүү иштеп жатабыз. Бул биздин маанилүү үч милдетибиздин бири. Документте чагылдырылган иш-чара жарандык коом, мамлекеттик органдар жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр тарабынан чоң колдоого ээ болду. Биринчи кезекте реформа жүргүзүп, мамлекеттик органдардын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатып, өзүбүздүн үйүбүздү тартипке салышыбыз керек",- деди Оторбаев. 

Өкмөт жетекчиси 2014-жылы жол картасында көрсөтүлгөн 66 иш-чаранын 28и ийгиликтүү ишке ашканын, мунун алкагында 16 укуктук-нормативдик акт кабыл алынганын кошумчалады. Ал эми калган узак мөөнөттүү 38 иш-чара эл аралык мыкты тажрыйбаларды эске алуу менен ишке ашырыларын, программа коомчулуктун талабын жана өлкөдө болуп жаткан процесстерге ыңгайлашуусу керектигин да айтты өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: