super.kg logo

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен дин кызматкерлери биргеликте Сирияга кеткен жаштардын иши боюнча баарлашышты

 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн демилгеси менен 19-ноябрь күнү Араван райондук мамлекеттик администрациясында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, дин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда диний кырдаал боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Араван районунун акими Шамил Артыков, Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жана Ош облусунун башка райондорунун башкы имам-хатибдери катышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандарынын казыятынан кабарлашты. 

Анын айтымында, анда көйгөйлүү маселе катары Сирияга кеткен жарандар боюнча кызуу талкуу жүрүп, бул боюнча райондун акими райондун бардык айыл өкмөттөрү, укук коргоо органдарынын чукул чараларды көрүп, алдын алуу иштеринде жергиликтүү жамааттар, дин кызматкерлери жана мугалимдер менен тыгыз иш алып баруусу боюнча тапшырмаларды берди. Мындан сырткары жыйындын катышуучулары тарабынан жарандардын медициналык эмдөөдөн баш тарткандыгы, Сирияга жихадга деп кеткен жаштардын маселелери боюнча облус казысы Ниязали ажы Ариповго бир нече суроолор берилди. Бул маселелер боюнча облус казысы медициналык эмдөөдөн баш тартуу туура эмес, ал милдеттүү зарыл нерсе экендигин белгилеп, ал эми Сирияга жихадга деп кеткен жаштардын иш-аракеттери туура эмес болгондугуна, ал эч кандай жихад эмес экендигине токтолуп, Сирияга кеткендердин дээрлик баарынын диний түшүнүгү жок экендигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: